БИТИН СЫГЫП КАНЫН ЖАЛАГАН
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Абдан зыкым, өтө сараң, колунан эч нерсе чыкпаган битир, ач көз. - Ушул жерден битин сыгып, канын жалаган байлардан көрө, пас жактан анча-мынча бир нерсе табууга мүмкүн экен (Абдукаримов). Ал жеткен көр жемечи жана айласыз битир. Мындайча айтканда, битин сыгып канын жалаган сараң (Алыбаев).